Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-ноябрда Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган М.Н. менен 1992-жылы туулган К.С. аттуу жарандын башкаруусундагы Тойота Ист үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
Унааны тинтүү учурунда анын багажынан эки спорттук сумка, алардын ичинде скотч менен оролгон 9 таңгак жана 1 баштык зат табылган. Өткөрүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, ал зат 10 килограммга жакын гашиш экени аныкталган.
Кармалган жаран М.Н. Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө иштери жүрүүдө.