7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ооганстанда согушчул топтун мүчөлүгүнө айыпталып 12 кыргызстандык абакта олтурат

841

Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Ахмад Зия Сараж «Ислам мамлекети» террорчул тобунун 408 мүчөсү абакта отурганын билдирди.

Маалыматка ылайык алар кезинде Ооганстанга ар кайсы тараптан келип, согушчулдардын катарында же болбосо мыйзамсыз куралдуу жалданма топтордун арасында жүрүп камакка алынган 14 мамлекеттин жарандары. Ахмат Зия Сараж учурда ал өлкөлөр менен сүйлошүүлөр жүрүп жатканын айткан.

«Ислам мамлекети» тобунун  мүчөсү делип абакта отурган 408 жарандын  299у Пакистандан баргандар. Өзбекстандан 37, Тажикстандан 13 жана Кыргызстандан 12 жараны бар.

Мындан сырткары Түркиянын, Орусиянын, Кытайдын, Ирандын, Иорданиянын, Бангладештин, Индиянын жана Алжирдин жарандары бар экени айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

842