Аба ырайы кескин өзгөргөнүнө байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жана “Долон” ашуусунда туман болуп, кар жаап жатат. Азыркы учурда жол тейлөө мекемелери менен биргеликте кум аралашмасы чачылууда. Нарын шаарынын чыга беришинен Терминал аймагынан жана Кочкор районун “Сары-Булак” аймагынан оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.
Нарын облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга жолдо жүрүүдө баардык коопсуздукту так сактоого жана унаалар менен болгон аралыкты, карама-каршы тилкеге чыкпоого чакырат.
Нарын ОИИББ боюнча ЖКККБнын өздүк курамы “Бишкек-Нарын-Торугарт” унаа жолунда жана “Долон” ашуусунда кызмат өтөөдө.