Таласта жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун Бакай-Ата районунда Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 80-чакырымында Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай унаа жолдон чыгып, арыкка түшүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1986-жылы туулган М.Э. аттуу эркек жабыркаган.
Тез жардам кызматкерлери куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жаранды ооруканага алып кетишкен.