7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ооруканадан чыккан өрт. Кылмыш иши козголду

452

Кардиология институтунан чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Биринчи май РИИБнен билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси (Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) менен козголуп, бардык экспертизалар дайындалды.

Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун бирөө 16 жаштагы өспүрүм, экинчиси ымыркай экенин кабарлады.

Өрт учурунда башка ооруканаларга жайгаштырылган бейтаптардын ичинен эки баланын абалы өтө оор экени белгиленди. Түтүнгө ууланган 9 адамдын жетөө медик, экөө бейтаптарды карагандар экени кошумчаланды.

Белгилей кетсек, кечээ саат 21.00дөрдө Бишкектеги Кардиохирургия илим-изилдөө институтунда өрт чыккан. Жалын саат 23:15те толук өчүрүлүп, 260 адам эвакуацияланган.

 

 

453