Эскилерден, белгилүүлөрдөн жана оппозиционерлер чогулган «Азаттык» партиясы 10 октябрь күнү курултайын өткөрүп, Парламенттик шайлоого баруучу тизмесин бекитти. Партиянын ичинде 82 жаштагы Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов да бар.
Расмий тизме азырынча анык эмес, бирок курултайда белгилүү болгондой партиянын тизмесинде бир катары аты чыккан оппозиционерлер, тажрыйбасы мол саясатчылар, беттегенин бербеген, кайраттуу жаштары да бар. Алсак;
- Легендарлуу парламенттин төрагасы, «Улуу-Журт»-партиясынын жол көрсөтүүчүсү — Медеткан Шеримкулов,
- ЖКнын экс-депутаты, КРнын 2010-жылдардагы коргоо министри, генерал-лейтенант — Исмаил Исаков,
- Ахматбек Келдибеков- ЖКнын экс-депутаты,
- Жылдызкан Жолдошева — ЖКнын экс-депутаты,
- Роза Акназарова,
- Ишенбай Кадырбеков,
- Мыктыбек Арстанбек, ЖКнын экс депутаты, Ийгилик Академиясынын, «Халал» сертификатынын негиздөөчүсү,
- Бактыбек Калмаматов -ЖКнын экс депутаты, 2021-жылыдын январ айындагы Президенттик шайлоонун талапкери,
- Эсенгул Исаков -ЖКнын экс депутаты,
- Кылычбек Исамамбетов — Бирик партиясынын лидери, 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан Парламенттик шайлоонун талапкери(өткөн болчу),
- Барчынай Алимбекова «Улуу-Журт» партиясынын талапкери ж.б.