7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Опузалап пара алуу боюнча Аламүдүн ИИБ тергөөчүсү кармалды

1489

Опузалап пара алуу боюнча Аламүдүн ИИБ тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын УКМК Чүй облусунун укук коргоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте, мурда алынган каражатты пара катарында кайтарып жаткан жеринен Аламүдүн РИИБдин тергөөчүсү милициянын ага лейтенанты «Д.Б» кармалган.

Такталгандай, тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны «М.у.Т» аттуу адамга карата сотко чейинки иш козголгону туралуу «Д.Б» аттуу тергөөчү моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү менен сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн тергөөчү «М.у.Т» аттуу жарандан 2000 доллар алганы аныкталды.

Андан кийин, опузалап талап кылуу фактылары ачыкталып кетишине жол бербөө үчүн, тергөө органдарынын өкүлдөрү аталган «М.у.Т» жаранга 1500 АКШ долларын кайтарып беришкен. Калган 500 АКШ доллар өлчөмүндөгү каражаттын калган бөлүгүн кайтарып берүү учурунда, милициянын ага лейтенанты «Д.Б.» кармалган.
Аталган материал КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1490