7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Опузалап пара талап кылган Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды

810

Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору А.С.К. аттуу жараны К.Ж.К. аттуу жарандан жарандык ишти кароого кайра кайтаруу жана анын пайдасына жаңы чечим чыгартып берүү үчүн 35 миң доллар талап кылганы аныкталган.

Белгилей кетсек, шектүү аталган жарандан буга чейин дагы бул маселени чечүү үчүн 97,5 миң доллар өлчөмүндө накталай акча каражатын алган.

Андан соң сот системасынын жогорку кызмат адамдарына шилтеме жасап, дагы кошумча 35 миң долларын талап кылган.

Шектүү 21-апрелде Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

811