7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Оренбург жардам кербени» жерине жетти

445

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Россия Федерациясынын Оренбург облусуна багытталган гумантардык жардам 23-апрель күнү жерине жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

350 тоннадан турган «Жардам кербени» узак жана татаал жолду басып өтүп, облустун эки аймагына 10 унаадан бөлүндү. Тактап айтканда Оренбург жана суу каптоодон эң көп жабыркаган Орск шаарына жеткирилди.

Жардам кербенин Казакстандын чек арасынан өткөн соң Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинин Оренбург облусу боюнча башкармалыгынын Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы, полковник Сергей Рыжов тосуп алды. Андан соң Оренбург шаарынан вице-губернатору Сергей Балыкин Кыргызстандан келген жардам кербенин жылуу маанайда тосуп алып, ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, климаттык өзгөрүүлөрдөн улам Урал дарыясындагы суунун деңгээли болуп көрбөгөндөй көтөрүлүп, Оренбург облусунда 29 миңден ашуун турак жайды, 19 556 короо-жайды суу каптап, аймактардан 17 миңден ашуун эл эвакуацияланган. Бүгүнкү күндө суунун деңгээли акырындык менен тартылганы менен, 12 202 турак үйдү суу каптап турат.
Федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда 2576 кызматкер 619 техниканын жардамы менен иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.

446