7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орловка шаарындагы авариялык үйлөр буздурулат

117

Орловка шаарындагы авариялык үйлөр буздурулат. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Орловка шаарындагы Металлург кичи районундагы №8 жана Чкалов көчөсүндөгү №61 авариялык абалдагы көп кабаттуу үйлөр, мурда Кыргыз химия-металлургия заводуна караштуу болгон.

Аталган үйлөрдөгү батирлер мурда ишкананын жумушчуларына берилген, бирок көпчүлүгү кийин башка өлкөлөргө көчүп, алардын учурдагы дареги белгисиз. Натыйжада, аталган батирлер колдонулбайт жана жашоого ылайыксыз деп чыкты.

Жергиликтүү тургундар бир нече жолу тиешелүү органдарга кайрылып, коопту объекттерди бузуп салууну өтүнүшкөн. Алар үйлөрдүн аймагында ар кандай жандыктардын сөөгү, жыты балдардын ойноо үчүн кооптуу абалды түзүп жатканын билдиришкен.

Мурда Орловка шаарынын мэриясы бул имараттарды бузуу үчүн сметалык документацияны даярдаган, жалпы суммасы 14 млн сом.

Чүй облусунун башчысы Азамат Осмонов Орловка шаарынын мэрине бардык зарыл документтерди даярдап, авариялык үйлөрдү бузуу боюнча чараларды ишке ашырууну тапшырды.

118