Бүгүн, 14-июль Жогорку Кеңеште Ысык-Көлдүн Корумду-Балбай айланма жолун куруунун сметасы каралууда.
Депутаттар бул сметалык долбоор өтө эле кымбат түзүлүп калгынын сынга алышты. Эл өкүлү Улугбек Ормонов, Корумду — Балбай жолу Балыкчы — Корумду жолуна салыштырмалуу өтө эле кымбат экендигин айтты.
Транспорт жана коммуникация министриинин орун басары Нурланбек Кайынбаев бул жерде тратура жана жарыктандыруу кошо каралганын айткан менен эл өкүлдөрү ага ынанган жок.
- Балыкчы — Корумду 65 млн сом.
- Корумду — Балбай 110 млн сом.
«Бул жерде 2,5 %дан алып жатат. Бир гана компания 1,5 %дан насыя берүүгө макул болгон. Министрлер кабинети сүйлөшүү жолу менен арзандаткандын ордуна, кайра кымбаттатып койду. 2,5 %дан жолго кредит алуу буга чейин эч качан болгон эмес, 0,75%дан алынчу. Километрине 135 млндон коротуп жол салуунун кереги жок«, дейт Ормонов.
Посмотреть эту публикацию в Instagram