7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орозо айтта 9 миңден ашык милиция коомдук коопсуздукту камсыздайт

360

30-мартта мечиттерде Орозо Айт майрамына карата 9 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Орозо айт майрамынын алдында ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам-алдын алуу иш-чараларын күчөтүүдө. Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда.

ИИМдин аймактык бөлүктөрүнүн милиция кызматкерлеринин кызматка жана коомдук тартипти сактоо боюнча даярдыктары саптык кароодо текшерилди.

Коомдук жайларда коопсуздук чаралары дагы күчөтүлүп, милиция кызматкерлери ыкчам кырдаалга көзөмөл жүргүзүп, мыйзам бузууларга дароо жооп кайтаруу чаралары көрүлөт.

Ошондой эле, кызматкерлерге жарандарга сылык мамиле кылуу, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

361