Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 6…11, Талас, Нарын өрөөндөрүндө 5…10, Ош менен Жалал-Абад аймактарында 10…15, Баткенде 9…14, Ысык-Көл жергесинде 4…9 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте 9…11, Ош шаарында 12…14 градусту көрсөтөт.
Кутман таң! Эс алуу күнүн үй-бүлөңүз менен кызыктуу фильмдерди көрүп, китеп окуп өткөрүңүз
