2023-жылдагы ыйык Рамазан айы 23-мартта башталат. Бул тууралуу 7-каналга муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат. Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат.
«23-март күнү Рамазан айынын биринчи күнү болуп бекитилсин. 22-мартында өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы башталсын. Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелинет»,- деп берилет билдирүүдө.
Эскерте кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.