2026-жылы «Чакан ГЭС» ААК электр жабдууларын жаңылоо боюнча комплекстүү программаны ишке ашырат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдирди.
«Чакан ГЭСтин» 2026-жылга карата иш-планында гидроагрегаттарды капиталдык оңдоо, эски станцияларды реконструкциялоо, ошондой эле жаңы объекттерди ишке киргизүү каралган.
Иш-пландын алкагында төмөнкү гидроагрегаттарды капиталдык оңдоо пландалууда:
- ГЭС-3түн №1 гидроагрегатында;
- ГЭС-4түн №1 гидроагрегатында;
- ГЭС-5тин №2 гидроагрегатында;
- ГЭС-6нын №2 гидроагрегатында.
Мындан тышкары:
- ГЭС-1дин №1 гидроагрегатында оңдоо иштерин жүргүзүү;
- Быстровка ГЭСинин №2 гидроагрегатында ремонттук иштер;
- Орто-Токой ГЭСин пайдаланууга берүү;
- Папан ГЭСинин курулушун улантуу;
- Лебединов ГЭСин реконструкциялоо;
- электромобилдер 20 кубаттоочу станция орнотуу каралган.
«Бул иштер жабдуулардын кызмат мөөнөтүн узартууга жана 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде анын туруктуу иштешин камсыздоого мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.



