7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: Акылбек Жапаровдун Көлбаев менен байланышы болгон эмес

617

Социалдык тармактарда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун «мыйзамдагы ууру» аталган Камчы Асанбектин (Көлбаев) апасы Мая Алиеванын 70 жылдык тоюна барган видеосу тарады. Буга байланыштуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков түшүндүрмө берип, видео эски экендигин билдирди.

«Интернет колдонуучулар тойго катышкан себебин жана алар менен кандай байланышы бар экенине кызыгышууда. Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары, тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз», — деди ал.

618