7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: Атамбаев эл аралык соттон утулуп, 37 млн доллар карызды 51 млнго ашырган

29

“Атамбаев эл аралык соттон утулуп 37 млн доллар карызды 51 млнго жеткирди”, — дейт Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчаларында.

(Төмөндө текст өзгөртүүсүз берилди)

Атамбаев президент болуп турган маалда Россиянын «РусГидро» компаниясы менен биргеликте Нарын жогорку каскадын куруу боюнча келишимге кол коюлуп, ГЭСтин курулушуна расмий түрдө старт берилген. Сүрөттө көрсөтүлгөн учур — дал ошол капсула салуу аземи.

Бирок кийинчерээк Атамбаевдин бийлиги бул келишимди бир тараптуу бузуп, анын ордуна Чехиянын «Лигласс Трейдинг» аттуу компаниясы менен жаңы келишим түзөрүн жарыялаган.

«РусГидро» компаниясы Нарын жогорку каскадын курууга даярдык иштерине, төлөнгөн салыктарга жана башка чыгымдарга жалпы 37 миллион доллар сарптаганын билдирген. Бирок ошол убакта Атамбаевдин бийлиги бул 37 миллион доллардын кайда жана кандай максатта жумшалганын так көрсөтө алган эмес. Натыйжада бул сумма кумга сиңгендей дарексиз “жоголуп”, Кыргызстандын мойнуна карыз болуп илинип калган.

«РусГидро» ишканасы кыргыз бийлиги келишимди бир тараптуу мыйзамсыз бузду деп, эл аралык сотко кайрылып, ишти утуп алган. Ошондон бери карыздын үстүнө пайыз кошула берип, 37 миллион доллардык карыз бүгүнкү күндө 51 миллион долларга жеткен. Эгерде, ошол кездеги бийлик келишимди бир тараптуу бузбаганда, анда эл аралык сотто утулбай далилдөөгө шанс калмак.

Ошентсе да, Атамбаев өз кайрылуусунда, “мен энергетика тармагын бутуна тургузуп кеткем”-деп кайрылуусунда айтыптыр. Чындыгында, энергетика тармагын бутуна тургузбай эле, белин сындырып кеткен.

“РусГидро” ишканасынан кийин алып 12 ГЭС курабыз деп чехиялык “Лигласс трейдинг” деген компания менен келишим түзүп, кол коюшуп жиберишкен. Кийин ал компания фейк болуп чыккан. Журналисттер аталган ишкананын дарегине барганда, бузулган эски заводдун орду болуп чыккан.

Жада калса, Атамбаевдин бийлиги ошол фейк “Лигласс трейдинг” компаниясына дагы келишим түзүп кайра бузганы үчүн 3 миллион доллардай карыз болуп, төлөөгө милдеттүү болуп калса керек эле.

Атамбаевдин “РусГидро” ишканасы менен ГЭСти курууга старт берген сүрөткө көңүлүнөрдү дагы бир ирет бургум келет. Төрт жыгач тактайга бир кап цементти кумга аралаштырып, эки күрөк менен эле баштаган экен. Эч бир техника дагы көрүнбөйт.
Бул эмнеден кабар берет?

30