7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: Кумтөрдөн түшкөн киреше соцобъекттерди курууга жумшалууда

14

Кыргызстанда ири мамлекеттик долбоорлордон жана фискалдык органдардын күчөтүлгөн ишинен түшкөн кирешелер олуттуу түрдө өстү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармакка жазды.

Анын айтымында, бир кездери жаңы бүткөн курулуштун ачылыш аземи чоң майрам болчу эле. Азыр күнүмдүк эле көрүнүш болуп калды. Жүздөгөн мектеп, ондогон өндүрүштүк ишканалардын лентасы бир күндө эле онлайн форматта кесилүүдө.

«Ар бир курулушту барып ача турган болсок, анда президент иштебей эле лента кесип жүрүш керек болуп калат экен. Мисалы, жылына 111 мектеп курган учур болду. Аны 365 күнгө бөлө турган болсок, 3 күндө бирден мектеп бүтүргөнгө салыштырсак болот экен. Мына ушунун баарын курууга кеткен акчалар бажы, салык тармагын реформалоонун аркасында мүмкүн болууда. Дагы бир негизги кирешебиз – Кумтөр. Мурда Кумтөрдүн алтыны чет өлкөгө кетсе, азыр элдин кызыкчылыгына иштеп жатат. Кумтөрдүн бул жылдын 10 айындагы эле жалпы кирешеси 80 миллиард сомго жетти. 2025-жылдын 10 айында жалпы кирешеси план боюнча 55 млрд 127 млн сом болсо, иш жүзүндө 80 млрд сом чогулду. Ал эми 10 айдагы ишкананын таза кирешеси план боюнча 13 млрд 373 млн сом болсо, иш жүзүндө 36 млрд 900 млн сомго жетти», — деди ал.

Ошондой эле Орунбеков белгилегендей, Кыргызстандын бюджетине салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдүн көлөмү план боюнча 14 млрд 43 млн сом болсо, иш жүзүндө 16 млрд 272 млн сомго жетти.

«2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, 2025-жылы дивиденд түрүндө 12 млрд 900 млн сом төлөө пландалса, иш жүзүндө 13 млрд 49 млн сом которулду. Мына ушул кирешелер жолдорду оңдоого, социалдык имараттарды курууга, 30 жылдан бери чогулуп калган көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалып жатат. Буюрса, социалдык маселелер чечилсе бул кирешенин көпчүлүгү өнүгүүгө жумшалат», — деп жазды ал.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

15