7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: Өлкөдө көп функционалдуу видео байкоо системалары орнотулууда

12

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 3 жылдан бери өлкө боюнча видео камералар орнотулуп жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, видео камералардын саны 20 миңден ашыш керек. Ошондо гана өлкө боюнча толук коопсуздук камсыз кылынат.

Азыркы убакта коопсуз шаар системасынын камералары:

  • Бишкек шаарынданда – 651,
  • Баткен облусунда – 248,
  • Ысык-Көл облусунда – 283,
  • Жалал-Абад облусунда – 205,
  • Нарын облусунда – 207,
  • Ош шаарында – 57,
  • Ош облусунда – 115,
  • Талас облусунда – 201,
  • Чүй облусунда – 177.

Орунбеков белгилегендей, учурда күн сайын камераларды орнотуу жумушу жүрүп жатат. Алар акыркы үлгүдөгү, адамдын жүзүнөн таануучу, 360 градустагы көрүү жана көп функционалдуу камералар.

«Борбор калаабыз Бишкек шаарында жетиштүү камералар орнотулган. Учурда башка аймактарда дагы коопсуз өлкө долбоорунун алкагында жумуштар уланып жатат. Акыркы жасалган оор кылмыштардын бетин ачуу операциясы дагы так ушул камералардын жардамы менен ишке ашты.

Кылмышкерлерге жана кылмыш жасоого ниеттенгендерге эскертүү: Эч качан кармалбай калам деп ойлобогула. Кылмыш жасабагыла. Учурда жетиштүү техникалык мүмкүнчүлүктөр, иликтөөнүн жаңы ыкмалары бар. Кутулуп кетем деген кыска ойго азгырылбагыла! Кыргызстан коопсуз өлкөгө айланыш керек»,- деген ал.

13