7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: Мурда президенттик балатыга жалаң чиновниктердин балдары катышчу экен…

188

“Мурда президенттик балатыга жалаң чиновниктердин балдары катышчу экен”, — дейт Дайырбек Орунбеков фейсбук баракчасына.

Анын айтымында, президенттик балатыга балдарын катыштыруу боюнча жеке кайрылуулар көп келген.

“Жалпылап жооп бергенче, маалымат берип кетүүнү туура көрдүм. Президенттик балатыга учурунда жалаң эле чиновниктердин же кызматтагылардын туугандары, тааныштарынын балдары катышчу экен. Муну байкаган Президентибиз Садыр Жапаров, эки жылдан бери катышуучулардын тизмесин түзүүнү көзөмөл кылгыла деп тапшырма берген. Ошондон бери, президенттик балатыга спорттук ийгиликтери бар, жакшы окуган, алыскы аймактардан, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдөн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, же өзгөчө айырмаланган активдүү балдардан тандалып жатат”, — дейт ал.

189