7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: Он айлык окуу. Кыска убакытта айдоочу толук билим ала албайт

7

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына мамлекеттик автомектептерде окутуунун мөөнөтү “эмнеге 10 ай?” деген суроонун тегерегинде нааразы пикирлер дагы эле айтылып жатканын белгилеп, бул талаптардын бардыгы – айдоочулардын сапаттуу даярдыгын камсыз кылуу максатында киргизилгенин билдирди.

Анын айтымында, жетиштүү билим алган айдоочу өзүнүн, жүргүнчүлөрүнүн жана жолдогу башка адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратпайт. Ал эми даярдыгы жок, күбөлүктү сатып алып, жол эрежелерин билбегендердин айынан жыл сайын жүздөгөн адамдар каза болууда.

“10 ай окуйбузбу, ага кантип жетишебиз?” деген суроолорду да берип жатасыздар. Мамлекет эч качан атайын элге оорчулук келтирүүнү максат кылбайт. Бардык жасалган аракеттердин негизги максаты – элдин амандыгы, адам өмүрүн сактоого болгон таза ниет. Биздин башкы максат – жол кырсыктары азайып, адам өлүмү болбошу керек.

10 айлык окуу кандай өтөт, аны чечмелеп берейин. Азыр элге ыңгайлуу жана жеңил шарттарды түзүүнүн үстүндө тийешелүү мекемелер иштеп жатат. Алар дагы, элге ыңгайлуу жана жеңил жолду сунуштасак деген тилекте. 10 ай мөөнөткө теориялык жана практикалык сабактар кирет. Ойлоп жатасыздар, 10 ай бою күн сайын сабакка барып, эртеден кечке отурат экенбиз деп. Сабактар жумасына эки же үч жолу, 2–3 сааттан өтүлөт. Каалоого жараша онлайн форматта да билим алууга шарт түзүлөт.

1099185781_0_0_2560.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Эми, “эки жарым ай жетиштүү эмеспи?” дегендерге жооп берели. Бул кыска аралыкта адам толук билим алып, маалыматты терең сиңире албайт. Айдоочулук – жөн гана рулга отуруп, унааны ордунан жылдыруу эмес. Ошол эки жарым ай окугандардын көбү эрежелерди билбейт. Азыр сунушталып жаткан окуу программасына психологиялык даярдыктар жана этикалык сабактар да киргизилип жатат. Сабырсыздык жана адепсиздиктин айынан жолдо күн сайын жүздөгөн чыр-чатактар катталууда. Жол талашып куушуп, башын чыгарып алып сөгүшкөндөрдү күндө эле көрөбүз. Мына ушул этикеттерден бери окуу программасына кирип жатат”, — деди ал.

Ошондой эле Дайырбек Орунбеков маалымдагандай, өнүккөн өлкөлөрдө айдоочулук күбөлүктү алуу мөөнөтү 6-12 айга чейин, АКШнын айрым штаттарында, Австралия жана Жаңы Зеландияда айдоочулук күбөлүктү 1,5–2 жылда алышат. Анткени унаа башкаруу чоң жоопкерчилик экенин баары сезишет.

“Мисалы, Финляндияда 12 айга чейин созулат. Алгач 2 жылдык мөөнөттө убактылуу күбөлүк берилет. Ал аралыкта айдоочу эч кандай эреже бузбаса, ошондон кийин анан күбөлүккө ээ болот. Эгер эреже бузса, кайрадан окуйт. Унаа башкаруу жана эрежени сактоо жоопкерчилиги өтө жогору. Ошондуктан, бул өлкөдө унаа катталбайт, сейрек гана кездешүүсү мүмкүн.

  • Германия — орточо 6–12 ай (кээде узарат)
  • Швеция — даярдыкка жараша 8–12 ай.
  • Норвегия — коопсуздук этаптары менен 1 жыл.
  • Улуу Британия, Канада, АКШнын айрым штаттарында, Австралия жана Жаңы Зеландияда айдоочулук күбөлүктү 1,5–2 жылда алышат.

Унаа башкаруу – бул чоң жоопкерчилик. Айдоочу рулга отурганда, унаадагы ар бир жүргүнчүнүн өмүрү ага аманат”, — деп белгиледи ал.

Мындан тышкары, Орунбеков өлкөдө автокырсыктардын көрсөткүчүнө токтолду.

“2025-жылы 8456 авто кырсык катталыптыр, андан 900 адам каза болуп, 12 169 адам жаракат алыптыр. Арасында майып болуп калганы дагы бар. Ал эми акыркы 10 жылда 75 063 авто кырсык катталып, андан 9120 адам каза болуп, 113 260 адам жаракат алган.

Автокырсыктан каза болгондордун саны боюнча Кыргызстан лидер өлкөлөрдүн катарына кирет. Эми чечим кабыл алып, бул кайгыдан тыянак чыгаралыбы же эмне болсо ошол болсун деп көз жумуп отура берелиби?!

Мамлекет да ар бир жаран жетиштүү билим алып, жол кырсыктарынан алыс болсун деген көз карашта. Жасалып жаткан бардык аракеттер – сиздердин амандыгыңыздар, ден соолугуңуздар жана бакубат жашооңуздар үчүн. Азыр көпчүлүк айдоочулардан сураса эрежени билбейт. Ал тургай кайсы автомектепте окуганын дагы билишпейт экен, себеби барган эмес”, — деп кошумчалады ал.

8