7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
10°C

Орунбеков: «Өзбектердин кыргыз элине кылган жылуу мамилесин сездик»

194

Эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Шавхад Мирзиеёвдун ынак мамилеси эки элдин мамилесин жогорку деңгээлге чыгарганын сезип келдик.  Бул тууралуу Дайырбек Орунбеков билдирди.

«Кыргыз делегациясы Өзбекстан мамлекетине Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилигинде барып келди.

Алдынкы убактарда ири келишимдер ишке ашып баштайт, соода байланыш, биргелешкен иш каналардын ачылышы күтүлүүдө.

Чындыгында мурда кошуна өлкө катары мамиледе болсок, азыр бир туугандык сезим байкалды. Өзбектердин кыргыз элине кылган жылуу мамилесин сездик. Президентибиз тышкы саясатты, эл аралык мамилелерди жолго коюп, байланышты күчөтүп, анын жемиштерине жетишип баштадык.

Жаныбызда эле жайгашкан өлкө завод, фабрикалары, дүйнөгө экспорт кылып жатканын суктануу менен көрдүк.

Бизде дагы ушундай ийгиликтер болот, ал үчүн ар бирибиз мыйзамды сыйлап, салыгыбызды төлөп Кыргызстандын экономикасына салымыбызды кошолу. Келген туристтерге, меймандарга сый урмат кылганды үйрөнөлү.

Өзбектер мамлекет койгон талапты, мыйзамдарды угуп, баш ийип сыйлашат экен. Карагыла кандай өнүгүп жатышат? А бизде колдонгон коммуналдык төлөм, мыйзамдуу салыкты бербей чыр салабыз. Жарандык милдетти аткарбайбыз, мамлекеттен талап кылганда активдүү сурак кылабыз.

Ири инвесторлор Кыргызстандын аймагына курулуштарды, ишканаларды баштаса, андан кыйкым издеп, коомду дүрбөтүп, шек санаганды токтотолу. Ошондо жагымдуу атмосфера түзүлөт. Өнүгүү — ар бирибиздин таза ой жүгүртүүбүздөн, жоопкерчилигибизден башталат»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

195