7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусия 770 миң мигрант өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш экенин айтты

213

Орусиянын аймагынан 770 миң эмгек мигранты депортацияланат. Мындай чечимди кечээ Орусиянын Мамлекеттик думасынын спикери Вячеслав Володин маалымдады.

Володин бир ай мурун көзөмөл реестринде турган чет элдик жарандарга мыйзамдашууга берилген мөөнөт аяктаганын билдирип, ага үлгүрбөгөн жарандар өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

“Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 1-сентябрга карата көзөмөл реестрине 770 миң эмгек мигранты киргизилген. Анын үчтөн бир бөлүгү аялдар жана балдар. Эми алар өлкөдөн депортацияланат», — деди Володин.

Володин 2025-жылдын сегиз айында миграциялык мыйзамдарды бузган 35 миңге жакын чет элдик жаран өлкөдөн чыгарыларын кошумчалады.

214