7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусия согушту токтотуу үчүн уюштурулган 3 тараптуу сүйлөшүүлөрдөн баш тартты

209

АКШнын вице-президенти Джэй Ди Вэнс Орусия акыркы апталарда Украина маселеси боюнча эки тараптуу жана үч тараптуу жолугушууларга катышуудан баш тартканын айтты.

Ал Вашингтон тынчтык үчүн аракетин уланта берерин баса белгилеп, Орусияны «ойгонууга» жана «реалдуулукту кабыл алууга», ошондой эле жаңжалды токтотуу үчүн кадамдарды жасоого чакырды.

Ак үйдүн басма сөз катчысы кошумчалагандай, АКШ администрациясы «Томагавк» канаттуу ракеталарын Киевге өткөрүп берүү үчүн НАТОнун башка өлкөлөрүнө жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат, акыркы чечимди Дональд Трамп кабыл алат.

Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жок, туюкка кептелди. АКШ менен Россиянын лидерлеринин Аляскадагы жолугушуусунан кийин бул маселе саясий билдирүүлөрдүн гана маселеси бойдон калууда жана бир дагы тарап азырынча конкреттүү кадамдарды жасай элек.

 

 

210