7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусияда Instagram 14-мартта өчүрүлөт

632

Роскомнадзор 14-март күнү саат 00:00дө Орусияда Instagram социалдык тармагына кирүүгө чектөө киргизүү процедураларын аяктайт. Бул тууралуу «РИА Новости» жазып чыкты. 

Буга чейин Роскомнадзор Башкы прокуратуранын талабынын негизинде социалдык тармакка кирүүгө чектөө киргизгенин билдирген. Көзөмөл органынын айтымында, ал орусиялыктарга, анын ичинде аскер кызматкерлерине каршы зордук-зомбулук аракеттерине чакырыктарды камтыган маалыматтык материалдарды таркатат.

«Инстаграммдын активдүү колдонуучулары үчүн фото жана видео материалдарын башка социалдык тармактарга өткөрүү, алардын байланыштарына жана катталуучуларына  билдирүүгө убакыт талап кылына тургандыктан, Роскомнадзор 14-мартта саат 00:00дө Instagram’га кирүүгө чектөө киргизүү процедурасын аяктоо чечимин кабыл алды», — деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

633