Буга чейин Орусияда Кыргызстан менен Тажикстандан барган мигранттардын мушташа кеткендеги видеосу тараган. Видео боюнча 7-каналга Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя 8-9-мартта Амур ГИЗинин курулушун аткарган компаниялардын “вахта” шаарчасында болгон. Анда Кыргызстан жана кошуна мамлекеттердин биринен барган жарандардын ортосунда мушташ чыккан. Буга ашканадагы чыр-чатак себеп болгоне. Министрликке Кыргыз жарандарынын ооруканага кайрылгандыгы боюнча маалымат түшкөн эмес.
«Бул окуянын чоо-жайын тактоо жана жабыркагандардын ичинде Кыргызстандын жарандарынын бар же жоктугун тастыктоо үчүн, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Владивосток шаарындагы кеңсеси укук коргоо органдарына сурама кат жөнөттү. Министрлик бул маселени өз көзөмөлүндө кармап турат»,- деп айтылат маалыматта.