7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусияда кыргызстандыкты уурдап, акча талап кылган эки шектүү кармалды

138

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү жана аталган өлкөнүн укук коргоо органдары биргелешип Екатеринбург шаарында адам уурдоого жана опузалап акча талап кылууга шектелген кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин өкүлчүлүгүнө Орусияда жүргөн кыргызстандык жаран кайрылып, белгисиз адамдар аны коркутуп, ири суммадагы акча талап кылып жатканын билдирген. Ушул жылдын 5-августунда шектүүлөр жабырлануучуну уурдап кетишкен.

Жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында жабырлануучу табылып, бошотулган. Бул кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган У.М. жана Т.О. аттуу эки жаран кармалды.

Учурда Орусиянын полициясы кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана алардын башка оор кылмыштарга катыштыгын текшерүү боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.

139