Бүгүн «Образ будущего» Telegram-каналы төмөндөгү мазмундагы постту жарыялады.
Аны толугу менен келтиребиз:
«Жалганчылык мезгили бүтүп, чындык мезгили башталат!» — деп өзүнүн акыркы социалдык тармактагы постун жыйынтыктаган Алмазбек Атамбаев. Биз Кыргызстандын мурдагы президентинин сөздөрүнө толук кошулабыз, жалганды токтотчу убак келди, жана биз россиялык жазуучу Дмитрий Верхотуровдун алты жыл мурун (2018-жылы) Москвада чыккан «Кыргызстан үстүндөгү Атамбаевдин көлөкөсү» аттуу китебинен үзүндүлөрдү жарыялоону баштайбыз.
Автор өзү баш сөзүндө төмөнкүлөрдү белгилейт: «Атамбаевдин мурасы тууралуу сүйлөөгө шылтоо 2018-жылдын 26-январында пайда болду — Бишкек ЖЭБинде авария болгон күн. Ал кезде катуу суук болуп, жылуулуксуз калган шаар тургундары тоңо башташты. Аварияны оңдоо көпкө созулган.
Бишкек ЖЭБи бул авариянын алдында эле жаңы казандар жана агрегаттар коюлуп, реконструкциядан өткөн болчу. Бул иштер Атамбаевдин эң ири жетишкендиктеринин бири катары бааланган.
Атамбаевдин бийлик мөөнөтүнүн аякташы чоң шаан-шөкөт менен өткөрүлүп, басма сөздө анын ийгиликтери жана жетишкендиктери ар тараптан макталып жаткан. Балким, бул даңктоо кампаниясы дагы узакка созулмак, эгерде баарын жокко чыгарган авария болбогондо».
Ал окуя Атамбаевдин башкаруусу чындап эле айтылгандай жакшы болгонбу деген суроону да жаратты.
Атамбаевдин президенттик кызматтагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоо — объективдүү жана ишенимдүү фактыларга (же, жок дегенде, ачык булактардагы жарыяланган материалдарга) таянган — анын башкаруусун мактап келген кыргыз басма сөзүндөгү ой-пикирлерге карама-каршы жыйынтыкты көрсөттү. Жалпысынан алганда, Атамбаевдин башкаруусу терс натыйжаларды бергени ачыкка чыкты.
Биринчиден, Кыргызстан үчүн эң маанилүү тармак — электр энергетикасы. Атамбаев жаңы гидроэлектростанцияларды курууга жана эскилерин капиталдык оңдоого тийиш болчу, бирок ал бул иштердин эч бирин жасаган эмес.
КМШ Электроэнергетикалык кеңешинин 2016–2020-жылдарга карата божомолунда Кыргызстанда электр кубаты кескин өсүп, 2 миң 521 мегаватт кубаттуулук пайдаланууга берилет деп күтүлгөн. Ал эми 2021–2030-жылдарга дагы 2 миң 355 мегаватт жаңы кубаттуулуктун ишке кириши прогноздолгон. Бирок иш жүзүндө кубаттуулуктун өсүшү болгону Бишкек ЖЭБине орнотулган жаңы кытай генераторлорунун эсебинен — 300 мегаваттка гана өстү. Бул болжолдун болгону 12 пайызы. Дагы эле бул – абдан чоң ийгиликсиздик.
Экинчиден, Атамбаев башкаруусунун башында эле коррупцияга каршы катуу күрөшөөрүн убада кылганына карабастан, абал жакшырган эмес, тескерисинче, 2017-жылдын аягында Казакстан Кыргызстанды Кытайдан келген товарларды ири көлөмдө контрабандалык кайра экспорттоону уюштурду деп ачык айыптаган.
Бул кайра экспорт ЕАЭБ өлкөлөрүнө (Кыргызстан 2015-жылы ага кабыл алынган) олуттуу зыян келтирген.
Жалпы алганда, Атамбаевдин өз бийлик жылдарындагы ар кандай жаңжалдуу кырдаалдардагы аракеттерин талдоо анын, негизинен, кыргызстандык контрабандисттердин жана коррупционерлердин тарабында болуп, алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп бергенин көрсөттү. Бул фактылар жарыяланган материалдар жана логика менен ырасталбаганда, ишенүүгө да кыйын болмок. Бирок белгилүү болгондордун өзү эле Атамбаев бул коррупциялык системанын бир бөлүгү болгонун жана Кыргызстан ичинде да, сыртында да анын башкы кызыкчылыктарын коргогонун айтууга негиз берет».
Уландысы бар.
Кийинчерээк бул постту «Незыгарь» Telegram-каналы да жарыялады.



