Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кадырлуу меймандарды «Манас» эл аралык аба майданынан Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко баштаган топ тосуп алышты.
Маалым болгондой, бүгүн Россия Федерациясынан жардам иретинде келген 40 өрт өчүрүүчү унаа расмий түрдө КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылат.