7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиянын президенти Владимир Путин 70 жашка чыкты

755

Орусиянын президенти Владимир Путин 70 жашка чыкты.

Владимир Путин 1952-жылы 7-октябрда Ленинградда төрөлгөн. Атасы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, унаа куруучу заводдо иштеген, апасы үй кожойкеси болгон.

  • 1970-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 1970-жылдардын аягы 1980-жылдардын башында Москвадагы No1 КГБнын Жогорку мектебин бүтүргөн.
  • 1996-жылы Москвага көчүп келип, саясий карьерасын ошол жерден баштаган.
  • 1997-жылдын мартында Путин Россиянын президентинин администрациясынын башчысынын орун басары, Россиянын президентинин Башкы көзөмөл башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеген.
  • 1998-жылы июлда Орусиянын ФСБсын жетектеп, 1999-жылы августта Орусиянын президенти Борис Ельциндин сунушу менен орус өкмөтүнүн төрагасы болгон.
  • 1999-жылдын 31-декабрында Владимир Путин Россиянын президентинин милдетин аткаруучу болуп, 2000-жылдын мартындагы мамлекет башчысы катары болуп шайланган.

Ал 2004-жылдын 14-мартында экинчи мөөнөткө президенттикке шайланган. Мөөнөтү аяктагандан кийин Дмитрий Медведевдин жарлыгы менен Путин Орусиянын премьер-министри болуп дайындалып, бул кызматта 2012-жылга чейин иштеп, андан соң кайрадан Россиянын президенти болуп шайланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

756