Кыргызстан автоунааларды милдеттүү камсыздандырууга дээрлик 20 жылдай кечигип киришти. Ал эми АКШ, Европа, Россия жана жакынкы кошуналар жарандык жоопкерчиликти камсыздандырууга эбак эле өткөн. Расмий статистика боюнча жылына Кыргызстанда 4500-5300 жол кырсыгы катталап, андан ондогон киши каза таап, жүздөгөн адам жаракат алат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жол кырсыктары көп катталган өлкөдө ички дүң өнүм 2-8%га кыскарып, зыян алып келерин билдирет. Ал эми Дүйнөлүк банк 2015-2030-жылдары жол кырсыктарынан кайсы өлкө канча миллион доллар зыян тартарын эсептеп чыккан. Ага ылайык АКШ экономикасы жол кырсыгынан жаракат алган жана каза тапкандардан улам 487 миллиард, Кытай 364 миллиард, Индия 101 миллиард доллар зыян тартса, Кыргызстан 201 миллион доллар чыгаша болот.
Алдын алуунун чарасы
Екатеринбургда 13 жылдан бери таксиде иштеген Чынара Бекташова милдеттүү камсыздандыруу жол кырсыктарынан келип чыккан чыгымдарды жабууга чоң жардам берерин Россиянын мисалында айтып берди:
“Арзыбаган акчага камсыздандыруу полисин бир жылга алабыз. Бирок ал көп маселени чечүүгө жардам берет. Мисалы үчүн айдоочулар өзүнүн унаа айдоо тажрыйбасына аябай ишенип, жол эрежесин эң жакшы билген күндө да, жолдо ар кандай кокустук болушу мүмкүн. Башка айдоочунун этиятсыздыгынан кагышып кетип же болбосо кышкы тайгалакта машинелер сүзүшүп, бирин-бири уруп алышы ыктымал. Ошондой учурларда ОСАГОнун аябай жардамы тиет. Азыр Кыргызстанда жолдо кагышып кетип, чыгымды ким төлөйт деген талаштан улам, бирин-бири күнөөлөп, жакалашып, урушуп-мушташкан учурлар аз эмес. Россияда андай учурларда жеңил кагышуу болсо, эки тарап фотого тартып, европротокол түзүп эле эки жакка кетип калышат. Анан барып, камсыздандыруу компаниясына кайрылса, кеткен чыгымын иликтеп, төлөп берет” – дейт Россияда иштеген кыргыз таксист Чынара Бекташева.
Жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу ар бир өлкөдө ар кандай аталып, шарттары ар башка болгону менен негизги талаптары бирдей. Мисалы, АКШда ал полис ар кандай күтүүсүз кокустуктун кесепеттеринин алдын алууну көздөйт.
“Бул нерсе көптөгөн күтүүсүз кырдаалдардан келип чыккан кесепеттердин алдын алат. Себеби жолго чыкканда ар кандай болушу мүмкүн. Биринчиден айдоочунун жоопкерчиликти сезишине абдан зарыл механизм. Мисалы айдоочу жолдо баратып аварияга кабылып, башка бирөөнүн машинесин сүзүп алса өзүнүн унаасын, анан кагышкан унааны калыбына келтирүүгө же бирөө-жарымы жаракат алып, ооруканага түшсө, анын чыгымдарын төлөөгө камсыздандыруу полиси жардамга келет. Ошондуктан унааны жарандык камсыздандыруу абдан зарыл”, – дейт АКШда иштеген кыргызстандык айдоочу Мирбек Айтикеев.
Жоопкерчиликти көтөрүүнүн жолу
Унааны милдеттүү камсыздандыруу ар кайсы өлкөдө ар кандай баада жана ар түрдүү шарттарда ишке ашырылат. Ал камсыздандыруу келтирилген чыгымды төлөп берүүдөн мурун, анын кепилденген шарттары аркылуу жеке айдоочулук жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган. Бул коюлган шарттар жана талаптар биринчи кезекте жол кырсыктарын алдын-алууга жана этият болууга өбөлгө түзөт дешет тажрыйбалуу айдоочулар.
“Милдеттүү камсыздандырууда унаа айдаган кишинин айдоочулук тажрыйбасы жана анын айдоочулук таржымалы эске алынат. Эгерде анын айдоочулук стажы көп болуп, тажрыйбасы жогору болсо, системада ага байланыштуу эч кандай жол кырсыгы катталбаса жана жол эрежесин бузганы үчүн айып пул салынган учурлары аз болсо, анда алар үчүн камсыздандыруу тарифи арзан чыгат. Эгерде, системада тескерисинче болсо, анда ага полис берүү татаал жана бир топ кымбатка түшөт. Эгерде мас абалында машине айдаса, айып пул салынган учурлары көп катталса же жол кырсыгына учураган болсо, андай айдоочулар тобокечилик тобуна кирип калат. Ошондуктан айдоочу жолдо этият болуп, жоопкерчиликтүү болгонго аракет кылат. Бул нерсе негизи айдоочулардын жоопкерчилигин көтөрүүдө абдан маанилүү фактор”- деди АКШдагы айдоочу Мирбек Айтикеев.
“Өзүбүздө полис жок, өзгө жерде өзгөчө тартип”
Ал эми жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу коңшулаш Казакстанда 2004-жылы эле киргизилсе, Өзбекстанда болсо 2009-жылы күчүнө кирген. Буга чейин кыргыз айдоочулар унаасын мекенинде камсыздандырбаган менен кошуна Казакстанда иштеп жүргөндө же транзит өткөндө сөзсүз камсыздандырат.
“Мен көп жылдан бери Казакстанда иштейм. Биз бул жакта кыргыз номерлүү машине айдап жүрөбүз. Биз Кыргызстандан чыгып,чек-арадан өтөрүбүз менен убактыбызга карап, он беш күнгө же жарым жылдык мөөнөткө милдеттүү камсыздандыруу полисин сатып алабыз. Ансыз жолдо жүрүүгө болбойт. Айып пулдары абдан жогору”- деди Карагандада иштеген айдоочу Кубанычбек Бакыт уулу
Чет элдеги айдоочулар Кыргызстандагы милдеттүү камсыздандыруу тарифи башкалардан арзан, бирок, чыгымды төлөөнүн өлчөмү кошуна өлкөлөр менен бирдей экенин белгилешти.
Эми Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Европа, АКШ жана Түркиянын мисалында милдеттүү камсыздандыруунун шарттарын салыштыралы:
1. Кыргызстан
- Камсыздандыруу түрү: Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу.
- Милдеттүүлүк: Милдеттүү камсыздандыруу 2016-жылы киргизилген. Бирок бир нече ирет артка жылып, 2019-жылы күчүнө кирген. Камсыздандыруу боюнча автоунааларга айып пул салуу 2025-жылдын 1-июлунан башталат.
- Кимдер үчүн милдеттүү: Бардык унаа ээлери, анын ичинде жеке жана юридикалык тараптар үчүн.
- Камсыздандыруу үчүнчү жактарга келтирилген жеке же мүлктүк зыянды да ичине камтыйт.
- Кенемтенин чеги:
- Адам өмүрү үчүн: 300,000 сомго чейин.
- Жаракат алгандарга 100 миң сом.
- Мүлктүк зыянга: 150 миң сомго чейин төлөнөт.
2. Казакстан
- Камсыздандыруу түрү: Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу.
- Милдеттүүлүгү: Милдеттүү камсыздандыруу 2003-жылы 1-июлда кабыл алынып, 2004-жылы 1-январдан киргизилген.
- Кимдер үчүн: Бардык автоунаа ээлерине карата жайылтылган.
- Камсыздандыруу үчүнчү жактардын өмүрүнө, саламаттыгына жана мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун төлөп берүүнү ичине камтыйт.
- Кенемтенин чеги:
- Ден соолук үчүн: 1.5 миллион теңгеге чейин.
- Мүлккө келтирилген зыян үчүн: 600,000 теңгеге чейин.
3. Россия
- Камсыздандыруу түрү: ОСАГО
- Милдеттүүлүк: Милдеттүү камсыздандыруу 2002-жылы кабыл алынып, 2003-жылы 1-июлда күчүнө кирген.
- Кимдер үчүн: Бардык айдоочуларга жана автоунаа ээлерине каралган.
- Камсыздандыруу: үчүнчү жактардын мүлкүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды ичине камтыйт.
- Кенемтенин чеги:
- Ден соолукка: 500,000 рублге чейин.
- Мүлккө: 400,000 рублге чейин.
4. Өзбекстан
- Камсыздандыруу түрү: Милдеттүү автокамсыздандыруу
- Ал 2008-жылы киргизилип, 2009-жылдан иштей баштаган.
- Милдеттүүлүк: Милдеттүү камсыздандыруу бардык автоунаалар үчүн.
- Камсыздандыруу үчүнчү жактардын зыяндарын да ичине камтыйт.
- Кенемтенин чеги: Улам өзгөрүп турат, бирок негизги жана базалык төлөө лимиттери мыйзамда көрсөтүлгөн.
- Өзгөчөлүгү: Мамлекеттик камсыздандырууга артыкчылык берилген.
5. Европа Биримдиги (жалпы эрежелер менен бекитилген)
- Камсыздандыруу түрү: Third-party liability insurance (милдеттүү).
- Милдеттүүлүк: ЕБ бардык өлкөлөрүндө талап кылынат.
- Камсыздандуруу: үчүнчү жактардын мүлктүк чыгымын, өмүрүнө жана ден-соолугуна келтирилген зыянды төлөөнү ичине камтыйт.
6. АКШ
- Камсыздандыруу түрү: Ар бир штат өз алдынча жөнгө салат,көпчүлүк штаттарда милдеттүү камсыздандыруу бар.
- Милдеттүүлүк: Милдеттүү камсыздандыруу ар бир штатка жараша.
- Милдеттүү камсыздандыруу жабырлануучунун өмүрүнө, саламаттыгына жана мүлкүнө келтирилген зыянды калыбына келтирүүнү ичине камтыйт.
- Минималдуу компенсация чеги: Штатка жараша айырмаланат.
7. Түркия
- Камсыздандыруу түрү: Мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу.
- Милдеттүүлүк: Милдеттүү камсыздандыруусуз машинени айдоого тыйуу.
- Милдеттүү камсыздандыруу жабырлануучунун саламаттыгына жана мүлкүнө келтирилген зыянды калыбына келтирүүнү камтыйт.
- Минималдуу кенемте өлчөмү мыйзам менен бекитилген.
Булак Кабар агенттиги: Материалды Кубаныч Жолдошев даярдады.