7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ОСАГО полисин «Түндүк» тиркемесинде онлайн каттоого болот

270

«Түндүк» тиркемесинде ОСАГО полисин онлайн каттоого болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, санариптик камсыздандыруу — жарандар үчүн ыкчам, коопсуз жана жеткиликтүү кызмат.

«Президенттин колдоосу жана тапшырмасы менен мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү багытында бир катар иштер аткарылууда. Бул иш-аракеттердин алкагында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте камсыздандыруу тармагында жаңы санариптик кызматтарды ишке киргизди.

Алсак, «Түндүк» тиркемесинде ОСАГО полисин онлайн каттоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Анын натыйжасында жарандар үчүн эң зарыл болгон кызматтардын бири — унааларга милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин онлайн каттоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү», — деген ал каттоо процесси толугу менен автоматташтырылганын белгиледи.

Анын маалыматына караганда, бул иш борбордо гана эмес, аймактарда жүргүзүлүүдө.

«Кызматтардын санариптештирилүүсү ар бир жарандын убактысын текке кетирбей үнөмдөйт. Буюрса жакынкы аралыкта башка кызматтарды да санариптештиребиз.

Санариптештирүү — мамлекеттик кызматтардын сапатын жаңы деңгээлге чыгарат», — деди Туманбаев.

271