7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош аэропортунда паранжа кийип жүргөн үч аял айыпка жыгылды

200

Ош облустук Ички иштер башкармалыгы Ош эл аралык аэропортунда жүзүн толук жаап жүргөн үч аялга 20 миң сомдон айып пул салынганын билдирди.

Облустук милициясы Умра сапарынан кайткан зыяратчыларды тосуп алуу үчүн келген адамдар көп экенин, алардын арасында жүзүн толук жаап жүргөндөр видеокөзөмөл аркылуу аныкталып, айып салынып жатканын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат.

201