7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош базардагы башаламан соодаргерлерге 1 жума мөөнөт менен эскертүү берилди

321

Ош базарынын аймагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин жетекчилигинин астында көрктөндүрүү, башаламан соода жана Ала-Арча дарыясынын жээгин тазалоо боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.

Рейд учурунда калаа башчысы Токтогул көчөсүндөгү соодагерлер менен жолугуп, башаламан сооданын, өзгөчө жашылча-жемиштердин белгиленбеген жерлерде сатылышы санитардык нормаларды бузуп, соодагерлердин жана сатып алуучулардын ден соолугуна коркунуч туудурарын белгиледи. Муниципалдык инспекцияга мыйзамсыз соодагерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо тууралуу эскертүүлөрдү берүү тапшырмасы берилди.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун ишин жетишсиз деп баалап, көпчүлүк тамак-аш азыктары ачык асманда унаа жолдордун боюнда сатылып жатканын айтылды.
Ошондой эле, Ала-Арча дарыясынын жээгин текшерүү учурунда, дарыянын жээгин таштандылардан тазалоо боюнча, ошондой эле атайын техникаларды тартуу менен уруксат берилбеген объектерди демонтаждоо боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.

«Тазалык» муниципалдык ишканасына базар айланасындагы ирригациялык түтүктөрдү тазалоо, «Бишкекжашылкурулуш» ишканасына дренаждык системалардын туура иштеши үчүн жерди төмөндөтүү боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды, «Бишкекасфальтсервис» ишканасына Токтогул/Бейшеналиева көчөлөрүнүн бөлүгүн реконструкциялоо боюнча пландарын түзүү тапшырылды.

Мындан сырткары Муниципалдык инспекция Ош базарынын айланасын — Токтогул, Бейшеналиева көчөлөрү жана Чүй проспектисинин Киев жана Кулиев көчөлөрүн текшерип, жыйынтыгында башаламан соодагерлерге 1 жума мөөнөт менен эскертүүлөр берилди.

322