7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады

2

Президент Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө Мамлекет башчысы ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы “Бештепе” Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды.

Президенттер ТМУга мүчө өлкөлөр тарабынан орнотулган көркөм өнөр чыгармалары жана улуттук объектилер менен таанышты. Кыргызстан тарабынан паркта көчмөн маданияттын салттарын жана бүркүт менен аңчылык кылуу байыркы өнөрүн чагылдырган “Мураскер” скульптурасы коюлган. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, Уюмга мүчө өлкөлөрдүн улуттук маданий салттарына арналган концерттик программаны көрүштү.

Ошол эле күнү Президент Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Мамлекет башчысына сыйлыкты Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган тапшырды. Сыйлоо жөнүндө чечим ТМУга мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан Президенттин түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого жана боордош өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын таануу иретинде кабыл алынган.

Эртеси күнү, 30-октябрда, Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 13-саммити өтүп, ага Президент Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Уюмдун алкагындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, соода-экономикалык байланыштарга, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө, санариптештирүүгө, билим берүүгө, туризмге жана тоо экосистемаларын коргоого өзгөчө көңүл бурду.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде ТМУнун 13-саммитинин декларациясына жана Уюмдун башкаруучу органдарындагы кадрдык маселелер боюнча чечимдерге кол коюшту.

Ошондой эле Мамлекет башчысы Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Түркия Республикасына болгон иш сапарын аяктаган Президент Садыр Жапаров 30-октябрда Кыргызстанга кайтып келди.

3