7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

6

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, иш сапарынын алкагында Анкара шаарында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары чыңдоонун келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы жылуу кабыл алуу жана Түрк мамлекеттер уюмунун саммитин жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн түрк тарапка ыраазычылык билдирди, ошондой эле түрк элин Республика күнү менен куттуктады.

Садыр Жапаров Кыргызстан Түркия менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин айтты.

7