Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун жетекчилиги алдында 2027–2030-жылдарга карата мектеп окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерин басып чыгаруу боюнча мамлекеттик программанын долбоору талкууланды.
Жыйында окуу китептеринин сапатын жогорулатуу, эксперттик баалоону өркүндөтүү жана мектеп китепканаларын санариптештирүү маселелери каралды. Ошондой эле эксперттерди тартуу үчүн “Эксперт” автоматташтырылган системасы тааныштырылды.
Маматканов окуу китептерин даярдоодон тартып, басып чыгаруу жана мектептерге жеткирүүгө чейинки бардык процесстерди санариптештирүү зарылдыгын белгиледи.



