7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош базарында 4 мезгил тең баасы 660 сомдон ашпаган эт сатуучу пункт ачылды

175

Бишкек мэриясы Ош базарында кошумча арзандатылган эт сатуу пунктун ачты. Анда эттин баасы килограммына 660 сомдон ашырылбайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, күн мурун Бишкек мэриясы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы борбордогу Аламүдүн жана Ош базарларына рейддерди өткөрүшкөн.

Рейддин жүрүшүндө эттин баасына коюлган чектөөлөрдү так сактоо зарылдыгы түшүндүрүлүп, бааны негизсиз көтөргөндөргө мыйзам чегинде чара колдонулары эскертилген.

«Бул иш-чаралар Экономика жана коммерция министрлигинин жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн “Эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” буйругунун негизинде аткарылууда»,- деп белгиленет маалыматта.

176