Бишкекте “Кыял” базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, базардын ичиндеги бут кийим оңдоочу жай, 17 даана кийим тигүүчү машина, идиш-аяктар, суусундук сатуучу 17 даана темир контейнер (павильон) жана темир устундуу желим менен жабылган өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн.
Ошондой эле, эки чач тарачтын пластик терезеси жана аба муздаткычы ээриген. Жалпы аянты болжол менен 100 чарчы метрди түздү.
Өрттү өчүрүүгө эки бригада тартылып, толук өчүрүлдү.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.