7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош-Бишкек унаа жолунан Ош шаарына баруучу жолдун курулушу башталды

839

Ош шаарындагы Ош-Бишкек унаа жолунун 660-чакырымынан (“Т-образка”) Привокзальная көчөсүнө чейинки жолду куруу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов бул жерге барып, Ош шаарында жыл сайын унаалардын көбөйүшүн эске алып, тиешелүү жол кызматтарына Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтү жана ДЭП-21 ишканасы менен биргеликте жолду куруу үчүн даярдык иштерин баштоого көмөк көрсөтүү тапшырмасын берген.

Ош шаарынын башкы планына ылайык, бир катар долбоорлор каралып жатат, анын ичинде Привокзальная көчөсүнөн Увам жана Үч-Кунан каналдары аркылуу “Т” формасындагы жолго чыгуучу жолдун долбоору бар.

Бул долбоордун негизги максаты – шаардын көчөлөрүндөгү, анын ичинде калаанын кире беришиндеги Монуев көчөсүндөгү унаа тыгындарын чечүү. Демилге Ош шаарынын бекитилген башкы планына ылайык шаарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында иштелип чыгууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

840