7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош-Бишкек унаа жолунда күйүүчү май ташуучу автоунаа өрттөнүп кетти

481

Ош-Бишкек унаа жолунда күйүүчү май ташуучу автоунаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-февраль күнү саат 17:15 чамасында Сузак району боюнча ӨКМ бөлүмүнүн байланыш түйүнүнө Сузак районунун Топурак-Бел участкасында Ош-Бишкек унаа жолунун 562 км оор жүк ташуучу автоунаа күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Өрт жөнүндө кабар түшөөр замат өрт болгон жерге Сузак району боюнча ӨК бөлүмүнүн №65 ӨК-КБнөн 1 бөлүмү саат 17:17де чыгып, өрт болгон жерге саат 17.30 мүнөттө жетип келип, өрттү өчүрүүгө киришкен.

«Өрт өчүрүү учурунда күйүп жаткан автоунаа күйүүчү май ташуучу автоунаа (бензовоз) экендиги такталып, күйүп жаткан кабинасы тарабынан цистерна тарабына өрттүн өтүп кетпөөсү боюнча чаралар көрүлүп, ыкчам аракеттердин натыйжасында саат 17:37де өрттүн башка жактарга таркоосуна бөгөт коюлуп толугу менен саат 17:59да өчүрүлүп, 37 тонна АИ-92 бензини сакталып калынган. Учурда Сузак району боюнча ӨК бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан өрттүн келип чыгуу себептери, келтирилген материалдык зыян такталууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

482