7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ош» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплекси курулууда

101

«Ош» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин курулуш иштери активдүү жүрүп, бекитилген графикке ылайык аткарылууда.

Курулушту 2026-жылдын жай айларында аяктоо пландалган. Буга чейин президент Садыр Жапаров «Ош» эл аралык аэропортунун жаңы терминалынын пайдубалына капсула салуу аземине катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы «Ош» аэропорту түштүк аймактын туризмин жана бизнесин өнүктүрүүдө маанилүү борборго, ошондой эле ири транспорттук түйүнгө айланарын белгилеген.

«Кыргызстандын аэропорттору» ААКсында аэропорттук инфраструктураны модернизациялоо иштери системалуу жана этап-этабы менен жүргүзүлүп жатканы баса белгиленет. Акыркы жылдары «Каракол» жана «Талас» аэропорттору жаңыланып, «Жалал-Абад», «Кербен» жана «Казарман» аэропортторунда оңдоо иштер жүргүзүлдү. Мындан тышкары, Манас шаарында жаңы заманбап эл аралык аэропорттун курулушу улантылууда.

«Ош» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалы саатына 900 жүргүнчүнү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, жалпы аянты 25 миң чарчы метрди түзөт.

Курулуш иштери «Кыргызстандын аэропорттору» ААКсынын өз каражаттарынын эсебинен каржыланууда.

Ошол эле учурда, жаңы комплекс пайдаланууга берилгенден кийин «Ош» аэропортунун учурдагы терминалы ички каттамдарды гана тейлөө үчүн колдонулат.

102