7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Асман Эйрлайнс» жана Turkish Airlines: стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээли

342

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен «Кыргызстандын аэропорттору» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Turkish Airlines авиакомпаниясынын Башкармалыгынын төрагасы Билал Экши менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар улуттук «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы менен Turkish Airlines ортосундагы кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Түркия тарап биргелешип иштөөгө даяр экенин билдирип, жүргүнчү жана жүк ташуучу каттамдардын санын көбөйтүүгө, анын ичинде «Манас» эл аралык аэропортунда каттамдарды көбөйтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Мындай кызматташтык Кыргызстандын авиациялык инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкө ичиндеги жана эл аралык багыттардагы аба ташууларынын сапатын жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Turkish Airlines авиакомпаниясынын башкы директору өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин тастыктап, Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун жогорку маанисин белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстанга 2026-жылдын жай айларына пландалган «Манас» эл аралык аэропортунун жаңыланган аэровокзал комплексинин ачылышына расмий түрдө чакырылды.

343