Бүгүн, 11-июлда Ош—Сары-Таш—Эркештам унаа жолунун 70-чакырымында «Лексус 570» жана «Тойота Королла» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, жеринде 2 адам мерт болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Кара-Булак айылындагы жол кырсыктын кесепетинен 1 аял, 1 эркек каза болуп, 3 адам (1 аял, 2 эркек) ооруканага түшкөн.
Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар каза болгон адамдардын денесин унаадан чыгарышкан. Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы Алай райондук ооруканасына жеткирген. Ал эми каза болгон жарандардын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Булак: Турмуш.