“Шаарда буга чейин берилген эскертүүлөргө карабай, кээ бир сатуучулар көмүрдүн баасын көтөрүп сатып жатышат. Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык Ош шаарында 1 килограмм көмүрдүн баасы 6,80 сомго чейин жана тоннасы 5000-6000 сом болушу керек. Ошого байланыштуу шаар мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен бүгүн шаарда рейд жургүзүп жатабыз. Бааны нормадан жогору көтөргөн сатуучуларга протокол түзүлүп, монополияга каршы кызматы тарабынан айып салынууда. Шаар боюнча 15 жерде көмүр сатып алуу пунктары ачылган. Биз сатуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында муниципалдык жер үчүн ижара акысын албайбыз. Алар ишмердүүлүгү үчүн патент да төлөшпөйт. Болгону көмүрдүн баасын нормадан ашырбоону талап кылабыз”,-деди С. Жунусбаев.
Кечээ, 11-ноябрь Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев монополияга каршы кызматынын, салык жана потрулдук кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте көмүр сатылып жаткан жайларды кыдырып, бааларын текшерди.
Көмүр сатуучуларга буга чейин бир нече жолу бааны көтөрбөө боюнча эскертүүлөр берилген, ага карабай айрым сатуучулар 7 сом, 7,50 сомдон сатып жатканы белгилүү болду. Текшерүүнүн жүрүшүндө бир нече сатуучуларга көмүрдү нормадан жогорку баада саткандыгы үчүн протокол түзүлүп, айып салынды.
Айта кетсек, монополияга каршы кызматында шаар тургундары үчүн ишеним телефондору бар. Эгерде сиз кайсы бир даректе көмүрдүн баасы 6,80 сомдон жогору сатылып жатканын байкасыңыз төмөндөгү ишеним телефонуна чалып билдириңиз: 0770 55 52 22, 03222 5 50 97, 5 63 42.