7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: Мэрдин кеңешчиси пневмониядан оруканага түштү

749

Ош шаарынын мэринин кеңешчисинен коронавирус аныкталып, аны менен байланышта болгондордон анализ алынууда. Бул маалыматты мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров тастыктайт.

«2 күн мурун Ош шаардык мэриясынын бир кызматкери пневмониядан оруканага жатты.  Ал Бишкектен келип эле ооруп калган. Аны менен байланышта болгон мэриянын 2 кызматкерлери да анализ тапшырып таза чыкты», — деди Абсаттаров.

Учурда Ош шаарында коронавирус жуктурган 34 бейтап ооруканада дарыланып жатышат.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ош шаарындагы координатору Кыялбек Ташполотов илдеттин жайылусуна шайлоонун таасири бар экенин айтат.
Ош шаарында азыр 2 мектеп жабылган.
Казыяттагы дин кызматкерлерине таравих намазында аралыкты сактоо милдети жүктөлгөн.
Коомдук унаалар дезинфекцияланып, адамдар көп чогулган аймактарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бирок конкреттүү чектөө кирген жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

750