Бүгүн, 13-апрелде Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан «Үлүштүк курулуш» программасынын алкагында салынып жаткан 9 кабаттуу үйдүн курулуш-монтаждоо жумуштарына конкурстук сатып алуу жыйынтыкталды.
Конкурска “Астас-Строй” жана “ЭлитСтройСити” жоопкерчилиги чектелген коомдору катышып, квалификациялык жана финансылык-техникалык баалоонун натыйжасында “ЭлитСтройСити” жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү катары аныкталган.
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык 10-күндүк “жымжырттык мөөнөтү” башталды. Бул аралыкта нааразы тараптар болбосо, конкурстун жеңүүчүсү менен келишим түзүлөт. Бул маалыматты Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчиси Кутманалы Абдрахманов тастыктады.
Ош шаарынын Набережная 3 дарегинде жайгашкан 106 батирлүү, 9 кабаттуу турак үйдүн сметалык баасы 282 млн сом болгон.
Конкурска катышкан “Астас-Строй” 252 млндон ашуун, “ЭлитСтройСити” 242 млн 501 334 сом сунуштаган. Эч кандай даттануу, нааразычылык болбосо, 23-апрель келишимге кол коюлат.
Жеңүүчү компания курулушту май айынын башында баштап, 3 жыл аралыгында бүтүрүп берүүнү убада кылган.
Эскерте кетсек, «Үлүштүк курулуш» программасы кадимки муниципалдык ипотека программасынан айырмаланып үстөк пайызсыз сатылат. Чарчы метри 31, 347 сомго бааланат.
Аны сатып алуу үчүн болгону 2 талап бар. Ош шаарынын тургуну болуу жана бөлүп төлөө жөндөмүнө ээ болуу. Алгач жалпы сумманын 30%ын төлөп, калган сумманы курулуш аяктаганга чейинки аралыка бөлүп төлөө каралган.