7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: Нариман айылында ири өрт кырсыгы болду (ФОТО)

591

Бүгүн, 3-сентябрда Кара-Суу районундагы Нариман айылында турак үйдүн 2 кабаттуу сарайы 150 түк чөбү менен толук өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн жалыны ага жанаша жайгашкан экинчи турак үйдүн ашканасынын жана мончосунун чатырына өтүп күйгөн (жалпы аянты 20ч.м.). Өрттүн чогу ошол эле учурда дагы бир турак үйдүн короосунда жаткан 100 түк беде чөпкө чачырап, ал толугу менен күйүп кеткен.

Тилсиз жоо Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылынын Ынтымак көчөсүндө орун алган.

Жерине жалпы 5 бөлүм тартылып, өрт саат 06:11де чектөөгө алынып, саат 07:32де толук өчүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, өрттөн жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым эсептелүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

592