7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош облусунда 2 медициналык борбор мамлекетке кайтарылды

340

Ош облусунда мыйзамсыз менчиктештирилген эки медициналык борбор кайрадан мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка караганда, Ош шаарындагы «Касиет» жана Кара-Суу районундагы «Авангард» медициналык борборлору 2005-2007-жылдары соттун мыйзамсыз чечимдери менен, жасалма документтердин негизинде муниципалдык менчиктен чыгарылган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында, «Касиет» борбору Ош шаардык мэриясынын карамагына өткөрүлсө, «Авангард» клиникасы Кара-Суу райондук администрациясынын балансына кайтарылды. УКМК мамлекетке таандык жер тилкелерди жана ишканаларды кайтарып алуу боюнча иштерди улантып жатканын белгиледи.

341