7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош облусунун бажы кызматкерлери жана ишкерлер кармалды

601

Ош облусунун бажы кызматкерлери жана ишкерлер системалуу түрдө аткезчилик жолу менен товарларды ташып жүргөндүгү үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ушул жылдын апрель айынан тарта ЖЧКнын өкүлдөрү Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, тараза күбөлүктөрүн бурмалоо аркылуу ташылып келинген жүктүн салмагын өзгөртүшкөн, анын негизинде бажы төлөмдөрүн төлөө шарты менен андан ары эсептөө жүргүзүлгөн.

Өз кезегинде Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери жарыяланган документтер менен иш жүзүндөгү маалыматтардын ортосунда ачык-айкын айырмачылыктын белгилери бар экендигине карабастан, 100дөн ашык жасалма документтердин негизинде товарларды бажылык тариздөө иштерин жүргүзүшкөн. Финансы министрлигине караштуу Түштүк-Батыш бажысынын кызмат адамдарынын жана аталган ЖЧКнын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 200 тоннадан ашык товар бажы төлөмдөрүн төлөөдө эсепке алынбай, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча “Ош” Бажы процедуралары борборунун бажы эрежелерин сактоо тобунун эки инспектору жана М.К.А., ошондой эле компаниянын өкүлдөрү кармалып, ЖАКнын №25 тергөө абагына киргизилди.

Учурда келтирилген зыянды жана бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

602